Биз менен байланышыңыз

Орусия Инфекциялык оорулар борборуна көчмө комплекс алып берди

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 367 | 0

Орусиянын «Микроб» Чумага каршы илимий изилдөө институту Кыргызстандагы Карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборуна «Камаз» үлгүсүндөгү көчмө комплекс алып берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мобилдик комплексте холера, чума, COVID-19 сыяктуу коркунучтуу жугуштуу ооруларды изилдөө үчүн эки лаборатория: бактериологиялык жана бардык биологиялык коопсуздук эрежелери менен индикация уюштурулган. Комплекс III жана II класстагы эки биологиялык коопсуздук кутулары менен жабдылган.

Айта кетсек, Орусия тарап буга чейин 4 MLED автолабораториясын да алып берген. Андан тышкары COVID-19га каршы күрөшүү үчүн бир катар медициналык жардамдарды көрсөтүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM