Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаевди каматкан шалаакылык. Кезек кимде?

Саясат | 17 Сен 2020 | 1174 | 0

15-сентябрда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.

 — Кечээ кечинде мурдагы саламаттык сактоо министри, Ч.К. аттуу жаран кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана шалаакылык беренелери боюнча шектүү катары кармалганы ырас, — деп билдирди Финполдун маалымат катчысы Анастасия Пискур. Анын айтымында, мекеме азырынча башка маалыматтарды ачыкка чыгара албайт.

Финпол буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кайсы бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, чоң суммадагы каражатка дары-дармек сатып алганын айткан. Анын айынан мамлекеттик бюджет 9 миллион сом зыянга учурап, буга министрликтен жооптуу кызматкерлерге карата чара көрүлөрүн эскерткен эле.

Тергөөнүн жүрүшүндө Финпол 6-июль күнү Чолпонбаевди суракка чакыргандан кийин, 9-июль экс-министр реанимацияга түшүп, анын өпкөсүнөн эки тараптуу пневмония аныкталган.

Коронавирус илдетинин алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер бөлүп берген акча каражаты мыйзамсыз королуп жатканы боюнча коомчулукта күмөн саноолор болгон. Ошондой эле бул күрөштө өкмөттүн иши чабал болгону сынга алынып, жарандык коомдон адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

Хасанов өз арызында коронавирус менен күрөшүүдө жоопкерчиликтүү кызматкерлер чабал иш алып барганын, аларга карата шалаакылык боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнгөн. Алардын башында турган кызматкер катары ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди дагы жоопко тартууну суранган.

Хасанов арыз жазгандан үч күндөн кийин Башкы прокуратура ага жооп иретинде COVID-19 инфекциясынын алдын алууда жана анын жайылып кетүүсүнө бөгөт коюуда жоопкерчилик алган Өкмөттөгү, Саламаттык сактоо министрлигиндеги жана Республикалык ыкчам штабдагы кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн текшергенин айткан. Анын негизинде 6-июлда Жазык кодексинин “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши аныкталып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирген.

Андан сырткары, дары-дармек сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери бирөөнүн кызыкчылыгын коргогон факт табылып, ал Жазык кодексинин “коррупция” беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталганын кабарлаган.

Башкы көзөмөл органы ошондой эле бул иш боюнча так бир адамдын үстүнөн эмес, жалпы жоопкерчиликтүү кызматкерлердин үстүнөн текшерүү жүргүзгөнүн прокуратуранын маалымат катчысы Эрмек Асанов “Марал” радиосуна билдирди.

 — Биз муну үстүбүздөгү жылдын 6-майында Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине гана каттаптырбыз. Ал жакта «шалаакылык» беренеси менен катталган экен. Бирок бир конкреттүү кишинин үстүнөн эмес, фактынын негизинде: өкмөт, министрлик жана Республикалык штабдын жоопкерчиликтүү кызмат адамдарына катталган. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши Каржы полициясына жөнөтүлгөн, эми алар кимди кармап, кимди жоопкерчиликке тартат, алар өздөрүнүн ыйгарым укугунун негизинде иш алып барышат, — дейт Асанов.

Ал эми өкмөттүн жакшы иштебей жатканын сындап, штабдын көрүп жаткан чараларына нааразы экенин билдирип келген жарандык коомдун мүчөсү, активист Улан Үсөйүн тиешелүү кызматкерлерди кылмышы үчүн жоопко тартканы жакшы экенин, бирок бийлик мындай жол менен шайлоо алдында элдин ишенимине кирүүгө аракет кылып жатканын айтат.

 — Негизи жалпылап алганда, бул иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тарта турган кызматкерлер көп. Маселен “шалаакылык” деген берене менен дээрлик баарын эле кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Бирок өкүнүчтүүсү, тергөөнү кызматта турганда, же кеткенден кийин баштабай, убакыт өткөрүп, шайлоо жакындаганда элдин көңүлүн бурууга аракет кылып жаткандай сезилет да. Эгер бийлик коррупция менен күрөшөбүз десе, башында эле баарын кылыш керек болчу, — дейт Үсөйүн уулу.

Активист ошондой эле бул берене менен азыркы учурда дагы өкмөттүн курамында иштеп жаткандарды, өкмөт башчы Кубатбек Бороновду баш кылып кылмыш жоопкерчилигине тартууга болорун белгиледи:

 — Чын-чынына келгенде аталган берене боюнча Чолпонбаевге гана эмес, башка дагы адамдарга, мисалы, Боронов ошол убакытта жоопкерчиликтүү кызматта эле, андан кийин мына, Аида Исмаилова дагы коронавирусту токтотом деп келип, азыр болсо депутаттыкка аттанып жатат. Баарына тегиз караганда, буларга дагы мыйзамдык чаралар көрүлүшү керек эле да. Кийинки келген министр дагы “мен 10 күндө токтотом” деп келип, андан кийин канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып кетти. Араң эле ыктыярчылар өздөрү кыйынчылыктан сууруп чыкпадыбы. Муну эске алганда, азыркы иштеп жаткандарга дагы кылмыш иши козголушу керек эле.

Бирок саясат талдоочу Марс Сариев Чолпонбаевдин кармалышын келаткан шайлоого карата бийликтин элдин ишенимине кирүү үчүн жасап жаткан кадамы катары баалабайт. Анткени, анын оюнда, экс-министрди кылмыш жоопкерчиликке тартуу боюнча мурда эле тергөө башталып, суракка чакырылган. Бирок мындай иштерди шайлоого чейин бүтүрүп коюу- бийликтин чөнтөгүнө упай берет.

 — Эми Космосбек Чолпонбаевге карата кылмыш ишин мурда эле ачпадыбы беле. Бирок эми деле шайлоо жакындаганы элге көрсөтүш үчүн ушундай иштерди тезирээк териштирип, финалга чыгарып атышат. Ал эми моралдык жагынан алганда, азыркы өкмөттүн курамынан дагы кээ бирлери жоопкерчиликке тартылышы керек, бирок факты Чолпонбаевден ачык чыгып калды го, — дейт саясат талдоочу.

Сариев ошондой эле бир фактыны ачык тапса гана азыркы өкмөттүн башында турган кызматкерлерге карата кылмыш ишин козгосо болот деген ойдо.  Эгерде таба албай турган болсо, «шалаакылык» беренеси менен болгону айып пул гана салууга мүмкүн.

Ошондой эле пикирин билдирип, мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев да “Маралга” маек берди. Анда ал коронавирусту алдын алууда жана пандемия шартында кыргыз бийлиги өтө шалаакылык кылганын билдирди. Ал бул ишке өкмөт жана президент баш болуп жооп бериши керек деп эсептейт.

 — Абылгазиев убагында чара көрө алган жок, жоопкерчиликсиздик менен мамиле кылды. Экинчиден, пандемия деп дүйнөлүк уюмдардан, башка жактардан 500 миллион доллардын тегерегинде акча каражатын алды, бирок ошондо дагы калкты сактап кала алган жок, ооруканаларды салган жок, — деп билдирди Аманбаев.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылдын апрель айында саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл март айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков аны коронавирустун алдын алууда шалаакылык кылып, жакшы даярдык көрбөгөнүн айтып сындаган.

Президенттин сынынан кийин Чолпонбаев өз арызынын негизинде министрлик креслосун тапшырып, кызматтан кеткен. Ал министрлик креслодо туура 2 жыл олтурду.

Космосбек Чолпонбаев министр болгонго чейин фармкомпания иштетип, өлкөнүн Фармацевттер союзун жетектеп турган. Ал эми Финансы полициясы козгогон иштин бирөөсү «кайсы бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM