Connect with us

Жыл аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2200 үй-бүлө батир алат

Кыска кабар | 21 Ноя 2024 | 240 | 0

Жыл аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2200 үй-бүлө батир менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттик Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 42 миңге жакын батир куруу пландалууда.

«Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин алгачкы батирлер берилип, аларды электрондук кезекте тургандар жана үлүштүк курулушка катышкандар алышат», — деди ал.

«Мугалимдерге, чыгармачыл адамдарга жана дарыгерлерге батир кайсы гана даректе жайгашпасын чарчы метри 650-750 доллардан 25 жылга берилет. Бирок батирлердин баасы жайгашкан жерине карап 150-200 доллар айырма болушу мүмкүн», — деди Туманбаев.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM