Биз менен байланышыңыз

Эмдөө ар кандай илдеттин күчөп кетишинен сактайт

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 811 | 0

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатат жана илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алынып келине баштады.


Эмдөөдөн баш тарткандар былтыркыга салыштырмалуу азайды


Эмдөө:
— тобокелчилик тобуна кирген жактарга (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге ылайык);

— өнөкөт оорусу барларга;

— кош бойлууларга;

— балдар үйүнүн тарбиялануучуларына;

— карылар үйүндөгүлөргө;

— мектеп-интернатындагы балдарга;

— медицина кызматкерлерине;

— 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт.

«Коронавирус илдети күчөшү ыктымал деп айтылып жатканына байланыштуу эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Министрлик профилактикалык иш-чараларды күчөтүүгө тийиш», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын маалыматына караганда, учурда вакциналар аймактарга жеткирилип жатат. Эмдөө иштери бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан 900 миңден ашык кишини эмдөөнү пландап жатат. Учурда керектелүүчү 119,663 дозанын биринчи партиясы сатылып алынган, алар аймактарга таратылууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 45 миң 72ге жетти. Андан айыккандардын саны — 41 миң 210 киши. Илдеттен 1 миң 63 адам каза болду.

Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрь айында башталат

Copyright © 2017 Maral FM