Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрь айында башталат

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 722 | 0

Кыргызстанда калкты сасык тумоого жана дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрүнө каршы эмдөө ушул жылдын сентябрь айынын аягында башталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Учурда вакцина алууга тендер өткөрүлүп, 111 миң доза вакцина алууга келишим түзүлгөн.

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дагы 700 миң вакцинага арыз даярдалды. Эмдөө сентябрь айынын аягында башталат. Биринчи кезекте тобокел тобуна киргендер  — 65 жаштан улуу адамдар, медицина кызматкерлери, өнөкөт оорусу бар адамдар, балдар үйүндөгү, мектеп-интернатындагы балдар, кош бойлуу аялдар эмдөөдөн өткөрүлөт», — деди Акматова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө тобокел тобуна кирген адамдардын саны 700 миңден ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM