Биз менен байланышыңыз

Эмдөөдөн баш тарткандар былтыркыга салыштырмалуу азайды

Ден соолук , Коом | 1 Июл 2020 | 985 | 0

  Кыргызстандагы жалпы эмдөө

Бүгүнкү күндө эмдөө маселеси кайрадан актуалдуу болуп жаткан учуру. Белгилеп айта турган болсок Кыргызстан жалпы вакцина же болбосо эмдөөгө жылына 83-84 млн. сом каражат бөлөт. Азыркы учурда айрым оорулардын алдын алуу максатында, ошондой эле айрым изилдөөчүлөр учурда коронавирусту жугузгандан кийин сакайууда. Ушул жалпы эмдөөнүн жана вакцинанын дагы таасири болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Жалпы Кыргыстандагы эмдөө тууралуу Биринчи Май райондук, бириккен үй-бүлөөлүк даарыгер борборунун директорунун орун басары Диляра Исхакова жана эпидемиолог Акылбек Исаев маалымат беришти.

-Мамлекет тарабынан эмдөөгө жылына 83-84 млн. сом каражат бөлүнөт. Бул ДССУ сунуштамасы менен ишке ашып келе жаткан нерсе. Бирок айрымдар муну четке кагып, эмдөөсүз эле бала саламат жашаса болот деген ойду карманышат. Акыркы учурда ушул вакцина алдын ала ала турган оорулардын саны көбөйдүбү? Бул тармактагы көрсөткүчтөр кандай болуп жатат? Негизи эле азыркы учурда вакцинага (эмдөөгө) муктаждык артты деп айтсак болобу?

-Бүгүнкү күндө Кыргызстанда актуалдуу болгон оорулар коронавируска чейин бул тепки (паротит) жана корь (краснуха, кызылча). Бул инфекциялар акыркы 3 жыл биздин өлкөдө эпид мезгилдерде (күзүндө, жайында) кайталанып турат. Незиги бул оорулар менен ооругандар эмдөө ала албай калдгандар. Ошондой эле мигранттар көп оорушат. Мисалы: Бир айылдан башка жерге көчуп барышса, же болбосо жашоо жерин которуп эмдөө баракчасын калтырып же жоготуп койгондор. Барган жеринде убагында каттоо кылбай койгондор, унутуп билбей калгандар, ушунун кесепетинен вакцина ала албай калгандар аябай көп оорушат. Өлкөдө карантин киргизилгенден баштап эле ушул оорулар таптакыр катталбай калды. Себеби бул аба аркылуу жугуучу оорулар, элдер менен карым катнаш азайган үчүн, карантин учурунда эрежелерди сактаган үчүн жугуштуу оорулардын азайганы байкалды. Акыркы 3 айда Чүй облусунда бир дагы учур катталган жок. Бүгүнкү күндө элдер поликлиникага барганга коркушуп, ушуга байланыштуу  эмдөө боюнча алгоритм иштелип чыкты. Ушул алгоритм негизинде ишти жандандырып баштадык.

-Жалпы статистиканы алганда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп андан сакайгандардын көрсөткүчү жакшы болуп жатат. Муну учурунда эмдөөнун таасири дагы себеп болушу мүмкүн деп айтканга негиз барбы?

-Бул такталбаган статистика. Бирок окумуштуулардын болжомолуна караганда, балдар пневмонияга каршы, туберкулезго каршы вакцина алышат. Ушулардын дагы бир таасири бар деп жатабыз, анткени балдар коронавирустук инфекцияны жеңил көтөрүп жатышат. Ал эми азыр карантин учурунда балдар эмдөө албай токтоп калгандыгы балдар арасында көп жөтөлдү көбөйүүшүнө алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу эмдөө кайра жандандырылып баштады. Ал эми поликлиника азыр үй-бүлөөлүк дарыгерлер борбору болгон үчүн ал жака чон киши дагы барат, кичинекей балдар жана боюнда бар келиндер дагы барышат. Ушул себептен балдарга инфекцияны жугузуп албаш үчүн, башка адамдар менен контакт болбош үчүн атайын алгоритм иштеп чыгып, ар бир бала белгиленген күндөрү, мөөнөтү жана атайын эшик менен кирип чыгат.

-Ата-энелер балдарын эмдөөгө каршы болгондор дагы жок эмес. Алар кандай негизди карманышат? Кандай себептер менен баш тартышат?

Эмдөөдөн баш тартуулар көбөйүп бара жатат. Бирок быйылкы жыл былтыркыга караганда бир топ азайды, ошентсе дагы эмдөөдөн баш тарткандар дагы деле бар. Булар биринчиден диний көз караштагылар, экинчиден вакцинага ишенбечүлүктөн келип чыккан себептер. Азыркы учурда диний көз караштан баш тартуу биринчи орунда турат.

-Вакцина албаган, эмделбеген балада келечекте кандай тоогерчиликтер пайда болушу мүмкүн? Бала кандай коркунучтарга дуушар болуп калууга ыктымал?

-Ар бир жаран сөзсүз вакцина алыш керек. Интернеттен эмдөө жөнүндө туура эмес, тастыкталбаган маалыматты элдер окуп ошону бат кабыл алышат. Эмдөө – бул профилактиканын эң эле жөнөкөй жолу, эмделген болсоңор анда инфекциядан сакталып же болбосо жеңил түрүндө өтөт.

-Эмдөө дегенде эле биз балдарды эмдөөнү эстейбиз, ал эми улуу адамдар учун атайын белгиленген эмдөөлор барбы?

-Бала төрөлгөндөн баштап эле эмделет. Улуулар болсо 16 жашынан баштап ар бир 10 жыл эмделип туруш керек. Бизде бул көп кыйынчылыкты туудурат, себеби жашы өйдө кишилер оңой менен эмдөөгө келип кетишпейт жана баш тарткандар көп арасында. Акыркы эмдөө 56-жашында дифтерия жана столбняк ооруларга каршы жасалат.

-Биз социалдык тармактардан дагы изилдөөлөрдү жүргүзүп көрдүк. “Менин бир тууганым вакцина алганга чейин жакшы саламатта жүргөн, бирок вакцина алгандан кийин ооруп калды”-деп жазгандар болду. Ушундай фактылар катталды беле?

Вакцинаны алгандан кийин, организмде бир ийкемдүүлүк пайда болот. Ошого кайра иммунитет пайда болот. Ошол себептерден, кээ бирөөлөрдүкү температура болот. Бул организмдеги иммунитетти чакырганы. 1-2 күн женил формада ооруйт дагы, өтүп кетет. Инфекцияга каршы иммунитет пайда болот.

-Бала кезинде эмделбей калган балдар кийин чоңойгондо аны кайта алуу мүмкүнчүлүгү барбы? Ушундай кырдаалда эмне кылыш керек болот алар?

-Албай калган бала кайрылган күндөрү дагы биз ар бир баланын жашына карата озунчо план тузобуз, ошого жараша баланы эмдөөгө чакырабыз. Бирок бир өкүнүчтүү нерсе, бир жаштан кийинки балдарга гепатит Б оорусуна каршы эмдөө ала албай калышы мүмкүн. Баланын канчалык жашы кичирээк болсо, вакцинага иммунитети бат пайда болот дагы жеңил көтөрөт. Бала чоңойгон сайын оорураак көтөрөт. Ошол себептерден баланы эмдөөгө эрте алып барган жакшы.

-Азыр эпидемиологиялык абал уланууда, бирок эмдөө маалы дагы башталды, анан сиздер дарыгер катары эмдөөгө байланыштуу жарандарга кандай кеп-кеңештерди айтып кетесиздер?

Эпидемиологиялык кырдаал аябай татаал болуп турат, бирок ошого карабастан биз алды карай жүрүшүбүз керек. Эмдөөлөрдү сөзсүз алып жүрүңүздөр. Калкка кайрылып кетет элем, коркпогула, атайын календардык план бар, келип эмдөө алып койсоңуздар болот. Эч кандай зыян жок, биз бир гана эмдөө менен инфекцияларды токтото алабыз. Кыргызстанда эмдөө абдан жакшы жолго коюлган, себеби вакцина заводдон чыккандан бери ар бир балага жеткенге чейин каттуу көзөмөлдө турат. Ата-энелер балдарыңызды ойлоңуздар, сөзсүз эмдеңиздер. Азыркы учурда ысыкка көп чыкпаңыздар, балдарды тойлорго алып барбаңыздар, дистанция сактагыла, маска тагынып жүргүлө.

 

Copyright © 2017 Maral FM