Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзү боюнча 32 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 471 | 0

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны 32 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университети бүгүн, 25-сентябрга карата жүргүзгөн эсеп боюнча, жалпы 32 млн 141 миң 225 адамга коронавирус жуккан.

Ал эми бул оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 миллионго жакындап калды.

Бул ортодо Британия менен Францияда кечээ жаңы катталган бейтаптардын саны (6634 жана 16096 адам) эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

 

Copyright © 2017 Maral FM