Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 81 адамдан коронавирус аныкталып, 94 бейтап айыкты

Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 591 | 0

Бир сутка ичинде 81 адамдын коронавируска жана пневмонияга кабылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алар, Бишкек — 10, Ош – 2, Чүй облусу – 5, Ош облусу — 8, Талас облусу — 3, Ысык-Көл облусу – 14, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу — 19.

Ошол эле учурда сутка ичинде COVID-19 илдетинен 94 бейтап сакайып чыкты.

Мындан сырткары, өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 45 миң 416га жетти. Алардын ичинен 41 миң 578 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM