Биз менен байланышыңыз

Курч вирустук инфекция учурунда дароо антибиотик колдонууга болбойт

Блог , Мединфо | 1 Дек 2022 | 1985 | 0

Академик Мирсаид Мирахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун  пульманологу Мадемилов Маамед Жолдошбеков «Мединфо» программасында жөтөлдү алдын алуу жана аны дарылоо ыкмалары тууралуу айтып берди.

Жөтөл деген эмне? Ал физиологиялык жактан кандай милдет аткарат?

Жөтөл бул организмдин коргонуу реакциясынын ыкмасы. Жөтөлдүн негизги максаты өпкөнүн аба жолдорун сырткы объекттерден таза сактап калуу болуп саналат. Жөтөл ар кандай реакциялардан улам келип чыгып, ар кайсы ооруларда жолугат. Өпкөнүн өзүнөн чыккан жөтөл, же болбосо мээдеги жөтөл борборунан, аллергиялык, андан сырткары курч вирустук инфекциялык ооруларда жана өнөкөт жөтөлдөрдө  кездешет. Бул  нормалдуу физиологиялык реакция, жөтөлдөн коркуп чочулоонун кажети жок.

Дарылоо ыкмалары кандай?

Негизи адамдарда көпчүлүк учурда сасык тумоодон кийинки курч жөтөлгө көп кездешет. Түтүкчөлөрдүн ортосуна толуп калган какырык кыйнап 4 күндөн 1 айга чейин созулат. Эгерде жөтөл 2 жумадан ашып баратса сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Адамдын мурдунда өнөкөт франтит, гайморит сыяктуу түрдүү  процесстер  дагы болушу мүмкүн. Ошол себептен мурун бүткөн кезде аны жакшы дарылоо керек. Анткени  уктап жаткан учурда мурундан аккан суюктук тамакты көздөй агып, бронхтордун бетине жабышып жөтөлдү козгоп коет.  Жөтөлгө каршы дарыларды өз алдынча колдонуудан алыс болуу керек. Анткени ар бир жөтөлдүн түрүн өз классификациясына  жараша дарылоо ыкмалары менен дарыланат.

Антибиотикти абайлап ичиңиз!

Баса белгилеп кетчү нерсе, курч вирустук инфекция учурунда алгачкы бир жумада дароо антибиотик колдонууга болбойт. Кыргызстанда тилекке каршы антибиотикти  туура эмес, өз алдынча көп колдонгондуктан антибиотикке болгон туруктуулук өсүүдө. Айрыкча региондордо өз алдынча көп колдонушат. Организм антибиотикти сезүүсү туруктуу болуп  калган учурда антибиотиктин башка түрүнө же андан күчтүүрөгүнө өтүүгө туура келет. Бул иммунитетке терс таасирин тийгизет.  Антибиотикти дарыгердин гана көзөмөлүндө колдонуу керек. Айрым антибиотиктер аллергиялык реакцияга алып келип анафилактикалык шокко алып келет.

Акыркы учурда көп кездешип жаткан пневамания оорусу тууралуу бейтаптар эмнени билиши керек?

Пневмония  болгон учурда рентген аркылуу көрүп аныктайбыз. Пневмония оорусунда өпкөнүн ткандары жабыркайт. Эгер дарылоодон кийин бейтап дароо рентгенге түшсө тактар көрүнө берет. Көпчүлүк ошол учурда  ооруу айыга элек экен деп чочулайт. Өпкөнүн жабыркаган жерине инфилтрация ( шишик сыяктуу) пайда болот. Ал дарылоодон кийин эки жумадан  бир ай аралыгында  тарап кетет. Эгер вирустук, же бактериалдык пневмания болсо анда өпкө кайрадан толугу менен өз калыбына келет. Эң негизгиси өз маалында дарылануу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM