Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 218-229-чакырым аралыгындагы Талдык жана Тоң-Мурун ашуулары бүгүн эртең мененки саат 6:00дө ачылып, каттам толук жанданды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аймакты караган Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери түнү менен жеринде иш алып барышты.
Учурда жолдо тазалоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, күн мурун Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 218-229-чакырым аралыгында катуу бороондон улам унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилген.