«Марал» телерадио компаниясы 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин платформасын окурмандарга жеткирүүдө. Алфавиттик катар боюнча кезектеги талапкер Равшан Жээнбековдун платформасындагы негизги багыттарды баяндайбыз.
Талапкер өзүнүн программасында аткара турган иштерин тогуз багытка бөлүп караган. Равшан Жээнбеков: «Шайлоодон утуп чыксам, 3 жылдын ичинде президенттик институт жоюлат» — деген убадасын берүүдө. Ага чейинки убакытта президенттин чыгымдарын кескин кыскартууну да программасына кошкон. Тагыраагы, мамлекет башчысы башка жарандар сыяктуу эле өз үйүндө жашап, резиденция жоюлат жана автомашинасы экиден, жан сакчылары ондон, аппараты элүү кишиден ашпайт. Өкмөттүн курамын да кыскартып, кызматтын кеминде 50 %ына чет жактан билим алган жаштар тартылат.
Талапкер облус жетекчилери, мэрлер жана айыл өкмөт башчылары эл тарабынан түз шайланганын оң көрөт. Жергиликтүү бюджет жергиликтүү бийлик тарабынан жөнгө салына турган болот. Мындан тышкары сот системасы жаңыланып, сотторду таңдоо кеңеши жарандык коом тарабынан түзүлөт жана бардык сот процесстери ачык өтөт. Ал эми, Башкы прокуратура Юстиция министрлиги менен бириктирилип, бул функцияны аткаруу боюнча Өкмөттүн курамына кирген башка мекеме түзүлөт.
УКМК чалгын жана контрчалгынга бөлүнөт. УКМКдан тергөө жана коррупция менен күрөшүү милдеттери алынып, Өкмөттүн курамында уюштурулат.
Экономиканы колдоо багытында, бизнес стартаптарга, ишкерликке салыксыз режимди киргизүү, укуктарын коргоо зарылдыгын белгилейт.
Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын президенттин негизги артыкчылыгы катары санап, чет тилдерге, информациялык технологияларга, эркин ой жүгүртүүгө басым жасайт. Эл аралык ири уюмдар, өнүккөн өлкөлөр менен интеграцияны жакшыртууну көздөйт. Ошондой эле адам укугун коргоо, эркиндик жана демократияны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттарынан.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттик кызматка талапкерлер Абдил Сегизбев, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Арстанбек Абдылдаев, Бабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов, Мыктыбек Арстанбектин программасы жарыяланды.