Биз менен байланышыңыз

31-октябрдагы дүйнө жаңылыктары [дайджест]

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 748 | 0

Пакистан: Поезддеги өрттөн 73 адам каза болду — Жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү диний конференцияга бара жатканы айтылды.

Монголияда быйыл да Хеллоуин майрамын өткөрүүгө тыюу салынды Айрыкча мектеп окуучуларына зыян экендигин белгилейт.

Өзбекстанда дарактарды кыюуга мораторий жарыяланды — Мындай жарлыкка өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жапониянын өкмөт башчысы жума ичинде элинен экинчи ирет кечирим сурады — Бул ирет Юстиция министри жубайынын айынан отставкага кетүүдө.

«Твиттер» саясий жарнамаларга тыюу салат Компания ээси саясий көз караштар рекламалык негизде таркабашы керектигин айтат.

Жапония: ЮНЕСКОдо катталган Сюри сарайы өрттөнүп кетти [видео] — Өрттү өчүрүү 12 саатка созулган.

2020-жыл Кыргызстан-Орусия кайчылаш жылы — Орусияда расмий түрдө Кыргызстан жылы 2020-жылдын февраль айынын аягында башталат.

Кененирээк maralfm.kg сайтынан окуй аласыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM