Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министрине көңүл айтты

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 462 | 0

Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага Осака шаарындагы медициналык мекемеде чыккан өрттөн улам курман болгон жарандарга байланыштуу көңүл айтты.

«Япониянын Осака шаарындагы медициналык мекемесинде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул кырсыктын кесепетинен курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бирге, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Садыр Жапаровдун телеграммасында.

Кошумчалай кетсек, Япониянын Осака шаарындагы клиникада чыккан өрттөн 24 адам каза болуп, 27 адам жаракат алган. Мамлекеттик укук коргоо органдары өрттүн атайын өрт коюдан улам келип чыккандыгын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM