Connect with us

Кыргызстан-Япония «Миграция жөнүндө» меморандум кабыл алат

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 1131 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки жана Кыргызстанда иш жүргүзгөн япон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакбаев Япония менен өнөктөштүк кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары өзгөрбөй турганын белгиледи.

Ошондой эле ал Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстанда маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган жигердүү ишин белгилеп, ишке ашырылып жаткан мындай ийгиликтүү долбоорлордун бири «Бир айыл — бир продукт» долбоору экенин эскертти.

Соода, инвестиция тартуу, медицинаны, айыл чарбасын жана IT-өндүрүшүн өнүктүрүү жаатындагы маселелерге токтолуп, Япониянын элчиси Сигэки Маэда экономикалык дипломатия боюнча презентация жасады. Япония менен ишкер байланыштарын, анын ичинде тышкы сооданы өнүктүрүү боюнча Япония уюмунун (JETRO) тармагын колдонуу менен кеңейтүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

Ошондой эле Япониянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогу болуп, анын жүрүшүндө инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын айыл чарба өндүрүмүн Японияга жайылтуу, IT-технологияларын өнүктүрүү, кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо боюнча макулдашууну, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы меморандумду тездетүү маселеси сүйлөшүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM