Биз менен байланышыңыз

Японияда жаңы фазадагы ракета сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 979 | 0

Япониянын аэрокосмостук чалгындоо агенттиги (JAXA) жаңы эки баскычтуу H-III — ракета алып жүрүүчүнү көрсөттү. Бул ракета күйүүчү майды мурунку муундагы H-IIA ракетасына караганда 50 пайызга үнөмдүү кылары айтылууда.

Ракета Япониянын түштүгүндөгү Танегасима космодромуна орнотулган. Учурда ага май куюлуп, тиешелүү текшерүүлөр жүрүп жатат. Ракета күйүүчү май катары суюк суутекти колдонот. Ракетанын биринчи учуусу 2021-жылдын 1-апрели — 2022-жылдын 31-марты аралыгында жүзөгө ашырылышы күтүлүүдө.

H-III Япониянын эң ири суюк суутек менен иштеген эң ири ракетасы болуп, анын узундугу 63 метр, диаметри 5,2 метрди түзөт. Ал күн-синхрондуу орбитага 4 тоннадан ашык жана гео өтүү орбитасына 6,5 тоннадан ашык керектүү жүктү алып чыга алат.

«Kyodo News» агенттигинин маалыматына ылайык, H-III ушул өзгөчөлүгүнөн улам мурдагы H-IIA ракеталарына караганда, 1,3 эсе көп салмакты учура алат. Бул ракета жөнөкөйлөтүлгөн дизайнга байланыштуу арзаныраак болот. Бул H-IIAге салыштырмалуу учуулардын баасын 50% га чейин, тагыраагы, 5 миллиард иенге (46 миллион долларга) чейин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Copyright © 2017 Maral FM