Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-япон футболдук беттешинин биринчи бөлүгүнөн сүрөттөр

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2021 | 1719 | 0

Бүгүнкү беттешти эсепке алганда Кыргызстандын курамасы Япония менен үчүнчү ирет ойноду. Биринчи оюн 2018-жылы болгон. Анда эки курама жолдоштук беттеш өткөргөн. Экинчи оюн 2019-жылы Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Бишкекте болгон. Ал эки оюнда тең «ак шумкарлар» атаандаштарына жеңилген.

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын жаңыртылган рейтингинде 99-орунду ээлеген. Ал эми Япония 28-орунда турат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат.

Кыргызстандын курамасынын «Ак шумкар», Япония оюнчуларынын «Көк самурайлар» деп аташат.

Copyright © 2017 Maral FM