Биз менен байланышыңыз

Вирустардан коргой турган пластикалык карта иштелип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 703 | 0

Япон адистери вирустардан коргой турган пластикалык карта иштеп чыкты. Карталарда колдонулган антивирустук курал алардын бетиндеги вирус бөлүкчөлөрүн 24 сааттын ичинде 99 пайыздан ашыкка төмөндөтөт.

Курал материалга сиңгендиктен, картанын бети чийилген же бузулган болсо да, вируска каршы касиетин сактап калат.

Картаны иштеп чыккан «Toppan» компаниясы бул ойлоп табуусуна патент алуу үчүн арыз берди.

Антивирус карталары электрондук төлөм тутумдарында, медициналык мекемелерде жана башка тармактарда колдонууга арналган.

«Бүгүнкү күндө адамдар коопсуздукту жана гигиенаны жогорулатуучу чечимдерди издешүүдө. Бул карта вирустарды азайтууга жардам берет», — деди компаниянын кызматкери Хироши Шимада.

2020-жылдын декабрь айында Нобель сыйлыгынын лауреаты Константин Новосёлов Швейцариядагы Шаффхаузен технологиялык институту менен биргеликте коронавирус, грипп жана башка жугуштуу оорулардын бөлүкчөлөрүнүн болжол менен 90 пайызын жок кылган жабдууну иштеп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM