Биз менен байланышыңыз

Япония 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүшүн 46 пайызга кыскартат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 975 | 0

Япония Өкмөтү 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүшүн 46 пайызга кыскартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга АКШ каржылаган климатка арналган саммитте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Япония бийлиги мындай аракетти климаттык өзгөрүүнүн алдын алууга болгон маанилүү кадам деп эсесптейт. Бул көрсөткүчтү 50 пайызга жеткирүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Ошондой эле экономиканын жана жаратылыштын пайдалуу айлампасын камсыз кылуу негизги максат экенин кошумчалады.

Андан сырткары Япония бийлиги 3 миллиард долларлык депозитти Жашыл климаттык фондуна которууну көздөп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM