Биз менен байланышыңыз

Япониянын символу — сакуранын кооздугу (сүрөт баян)

Блог | 1 Апр 2021 | 779 | 0

Япониянын символу болгон сакура быйыл өз мезгилинен эрте, башкача айтканда 26-мартта гүлдөдү. Киотодогу бак-дарактардын гүлдөшү акыркы 1200 жылдын ичинде эң эрте гүлдөө катары катталды. Японияда сакуранын гүлдөгөнүн байкоого алган алгачкы жазуулар биздин замандын 812-жылы башталган. Буга чейинки рекорд 1409-жылы 27-мартта гүлдөгөндүгү катталган.

Жазында Японияда сакура гүлдөөрдө атайын штаб түзүлүп, адамдарды ишке кабыл алат. Алар кайсыл жерде, кайсы датада гүлдөп баштаганы тууралуу маалыматты чогултуп, күн сайын теле, гезиттер аркылуу жарыялап турушат. Ал кабарлар боюнча аймактын тургундары ханами – гүлдөгөн сакура майрамын өткөрүүгө киришишет.

Copyright © 2017 Maral FM