Биз менен байланышыңыз

Жапониянын өкмөт башчысы жума ичинде элинен экинчи ирет кечирим сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Окт 2019 | 663 | 0

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ юстиция министри Кацуюки Каваинин отставкасына байланыштуу жапон элинен кечирим сурады. Маалыматка ылайык, министр шайлоо учурунда Жогорку парламенттин депутаты болгон жубайы экөө штаб акчасын мыйзамсыз нерселерге короткон деген чуу менен отставкага кетүүдө.

«Бул абдан өкүнүчтүү абал. Япон элинен кечирим сураймын. Калктын ишенимине кайрадан ээ болуу үчүн мындан ары министрлер кабинети колдон келген аракетин жасайт»,- деди Абэ.


Жапония: Шайлоочуларга коон тараткан министр кызматтан кетти


Бул өкмөт башчынын ушул жума ичинде министрлердин жумуштан алынышына байланыштуу экинчи ирет кечирим сурашы. Буга чейин шайлоо учурунда шайлоочуларга белек катары коон таратканы үчүн «добуштарды пара менен сатып алды» деген айып менен Жапониянын Экономика, соода жана өнөр-жай министри Иссю Сугавара жумушунан четтетилген.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM