Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда адвокаттык лицензия 4 миң 551 жаранга берилген

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 350 | 0

Ушул жылдын 30-сентябрына карата Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4 миң 551 лицензия катталган жана берилген. Бул тууралуу маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия тарабынан 2021-жылы 8 отурум өткөрүлдү, анда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 317 талапкердин арызы каралган:

  • 285 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берилди;
  • 32 талапкерге квалификациялык экзаменге киргизилген жок;
  • 92 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды;
  • 140 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган жок;
  • 21 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга келген эмес.

2021-жылы адвокаттык иштин маселелери боюнча Юстиция министрлигинин төмөнкү буйруктары чыгарылды:

  • 52 адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө;
  • 38 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун жандандыруу жөнүндө;
  • 11 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын дубликатын берүү жөнүндө;
  • 1 лицензиянын аракетин токтотуу жөнүндө.

Ал эми 4 миң 551 берилген лицензиянын ичинен:

  • 3541 иштеп жаткан лицензиялары бар адвокаттар;
  • 64 лицензия жокко чыгарылды;
  • 53 адвокат адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылган;
  • 79 адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясы токтотулган;
  • 548 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы токтото турулган;
  • 2 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия чакыртылып алынган;
  • 190 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын бланкасы бузулган.

Copyright © 2017 Maral FM