Биз менен байланышыңыз

Балыкчы: Алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирма аныкталды

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 826 | 0

Балыкчы шаарында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган жергиликтүү фирма бар экени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө «Балыкчы алко трейд» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан «Оренбургский пуховый платок»  маркасындагы арак продукциясынын лицензиясыз даярдалгандыгы аныкталган.

Октябрь айында аталган компаниянын лицензиясынын колдонулушу алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо функциясы өткөрүлүп берилгенге чейин ыйгарым укуктуу орган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан 2020-жылдын 14-январына чейин токтотулган.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясы тартылып алынды.

Copyright © 2017 Maral FM