Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Ак-Тилек» пунктун акча табуу булагына айланткандар кармалды

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 883 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын иликтөөнүн жүрүшүндө «Ак-Тилек» салык каттоо пунктунан, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстанга товар алып өтүүдө коррупциялык схемалар уюштурулганы аныкталган.

Буга байланыштуу жогоруда айтылган мекемелердин төмөнкү кызматкерлери кармалып, далил катары жандарынан атайын белги түшүрүлгөн акчалары алынды:

  1. Мамлекеттик салык кызматынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө боюнча Чүй, Талас, Ош облустарындагы башкы инспектору, тинтүүдө 4 миң сом алынды;
  2. Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө башкармалыгынын Чүй, Талас облустарындагы башкы инспектору, тинтүү учурунда 6 миң сом табылды;
  3. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору, жанынан 5 миң сом табылды, анын миң сомуна белги коюлган;
  4. «Ак-Тилек» салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору.

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар менен иштөө бөлүмүнүн Чүй облусундагы башкы инспекторунун унаасынан айтылган пункттан тиешелүү документи жок же наркын арзан көрсөткөн товарларды токтоосуз өткөрүп жүргөнүнө пара катары алган 114 миң 300 табылган.

Учурда бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM