Биз менен байланышыңыз

Жеке ишкерлер үчүн салыктын жаңы системасы кирди

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 1843 | 0

Жеке ишкерлер үчүн чекене соодадан алына турган салыктын жеңилдетилген жаңы системасы ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Система Өкмөттүн 16-марттагы токтомунун негизинде ишке ашырылып, ишкерлерге жеңилдик берүү, салык алууну жакшыртуу максатында киргизилди. Белгилей кетсек, токтомдо чекене соодага салык салуунун жеңил системасын колдонуу тартиби жана ага өтүү шарттары боюнча атайын жобо бекитилген.

Салыктын жаңы системасы менен иштөө үчүн жеке ишкерлер 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген көзөмөл кассалык машиналарын (ККМ) сөзсүз түрдө колдонушу керек. Ошондой эле субъект кошумча нарк салыгынын (КНС) төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.

Чекене сатуу салыгынын өлчөмү биринчи жылы «нөлдүк» көрсөткүч менен, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2% жана төртүнчү жылдан тартып 3% деп белгиленген. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы 50 пайызга азаят.

Салыктык милдеттенмени ай сайын эсептөө төлөөчүнүн ККМ-онлайнынан алынган Салык кызматынын маалыматтык системасынын негизинде жүргүзүлөт.

Бул салык режиминин артыкчылыктары: режимге ишмердиктин каалаган мезгилинде ыктыярдуу өтүү тартиби, салык декларациясынан тышкары салык отчетун берүү зарылдыгынын жоктугу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу жана ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салыктык милдеттенме автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу мобилдүү тиркемелер аркылуу салыкты оңой төлөө мүмкүндүгү.

Copyright © 2017 Maral FM