Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 613 | 0

Бүгүн, 1-мартта юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Эске салсак, ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар Бирдиктүү салык декларациясын 1-мартка чейин тапшырууга милдеттүү экени белгиленген.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле «116» номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM