Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Өкмөт салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошото албайт

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 745 | 0

Кыргызстандын Өкмөтү башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыялоо бере албайт. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелдеги брифингде вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

— Биздин бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды так түшүнүү керек. Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыз алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл – бул пенсияларды, жөлөк пулдарды жана айлык акыларын төлөө, — деп билдирди вице-премьер-министри Асрандиев.

Ошондой эле ал, өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынганын кошумчалады.

Асрандиев: Кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды

Copyright © 2017 Maral FM