Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 611 | 0

Өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелдеги брифингде вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Маалыматка ылайык, ага төмөнкүдөй бир катар негизги маселелер кабыл алынган:

  • азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу,
  • бизнес үчүн шарттарды жеӊилдетүү – салык чогултууларын жылдыруу,
  • социалдык маселелер жана коммуналдык кызматтар.

Мындан улам, 2020-жылдын октябрына чейин отчётторду тапшыруу жылдырылды, — деп кошумчалады Асрандиев.

Copyright © 2017 Maral FM