Биз менен байланышыңыз

Быйыл алгачкы 4 айда жөө жүргүнчүлөр катышкан 542 жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 556 | 0

Быйыл алгачкы 4 айда (май айына чейин) Бишкек шаарынын аймагында 542ден ашуун жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 558ден ашуун жаран ар кандай жаракат алышкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыктарына жөө жүргүнчүлөр да, жол эрежелерин так сактабаган айдоочулар да себеп болууда.

Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери “Пешеход” аталышында атайын рейддик иш-чара өткөрүп, төмөнкү жол жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкташты:

  • Айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбө койгондугу үчүн, 80 протокол толтурулуп, ар бирини 3 миң сомдон айып салынды.
  • Жөө жүргүнчүлөр жөө өтмөктөн өтпөстөн, жолду кесип өткөн учурларга 140 протокол толтурулуп, ар бирине 1000 сомдон айып салынды.
  • Спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандарга 26 протокол түзүлдү;
  • Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандарга 32 протокол;
  • Жана башка жол эрежелерин бузгандарга 1498 протокол;
  • 37 унаа ар кайсы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короо жайына токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы өзүңүздөрдүн коопсуздугуңар үчүн жол эрежелерин так сактоого чыкырат!

Copyright © 2017 Maral FM