Биз менен байланышыңыз

Мадеминов өкмөт башчыдан КСДПнын лидери боюнча сурады

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 948 | 0

Бүгүн парламентте өкмөттүн отчету угулуп жатат. Анда депутат Мурадыл Мадеминов КСДПнын лидерин алмаштырып каттоо маселесин көтөрүп, Юстиция министрине суроо берди.

Жыйында депутат Мадеминов өкмөт башчыга: «КСДПны кайра каттоо мыйзамсыз болду. Юстиция министрлиги бул катасы үчүн отставкага кетиши керекпи? Кандай ойлойсуз?Анткени, колунда мөөрү жок, жадагалса партиялык билети жок адамды силер лидер деп каттап койдуңар», — деген суроосун узатты.

Өкмөт башчы Абылгазиев, «Бул жерде Юстиция министри өзү отурат. Ал министр катары чечим кабыл алган. Өзүнүн чечимине, өзү жооп берет» — деген жообун узатты.

Ал эми Юстиция министри Марат Жаманкулов КСДПны кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке лидер алмашканы боюнча съезддин чечими билдирүү катары келип түшкөнүн айтты. Билдирүүнүн негизинде бул маселени караганын да кошумчалады.

Сагынбек Абдрахманов КСДПнын лидери болуп катталды

 

Copyright © 2017 Maral FM