Биз менен байланышыңыз

Сагынбек Абдрахманов КСДПнын лидери болуп катталды

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 1114 | 0

Юстиция министрлиги КСДП партиясынын лидерин алмаштырып, жаңы жетекчи катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Мындай маалыматты жаңы төрага маалымат жыйында билдирди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жалпы жыйында айтып, нааразычылыгын билдирди. Анда ал партиянын юридикалык дареги да алмаштырылганын белгилеп, президентке кайрылды.

— Мындай мамилени мен буга чейин көргөн эмесмин. КСДП — Президент болушуңа жардам берген партия. Юстиция министрлигин кыйнап каттатышкан. Жаңы лидер Абдрахманов ким? Ал эл жана мамлекет үчүн эмне кылды? Алар жүргүзгөн «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймыл эч жерге расмий катталган эмес, — деди эл өкүлү.

Карамушкина Юстиция министрлигине кайрылып, мындай өзгөртүүнү кайсы мыйзамдарга таянып жасаганы тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

Кошумчалай кетсек, 3-апрелде Сагынбек Абдрахманов, 6-апрелде Алмазбек Атамбаев баштаган социал-демократтар съезд өткөрүшкөн. Биринчи өткөн курултайда партиянын лидерин алмаштыруу маселеси каралып, Сагынбек Абдрахманов лидер болуп шайланган. Бирок Алмазбек Атамбаев тараптагы партия мүчөлөрү чечимди мыйзамсыз деп айтып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM