Биз менен байланышыңыз

Бийиктикке умтулуудагы 10 жыл

Коом | 7 Дек 2021 | 1516 | 0

Мындан туптуура 10 жыл мурда «Марал» радиосу обого чыккан. Бул аралыкта радио бир катар тепкичтерди басып өтүп, өзүнүн калыстыкты карманган бейтарап уктуруулары менен көптөгөн угармандын жүрөгүнөн орун алды. Радио негизинен агартуу багытына басым коюп, элди адеп-ахлакка үндөөгө, маданий-руханий сабатын арттырууга, билимин ар тараптуу өстүрүүгө арналган уктурууларды ободон жаңыртып келет. «Марал» радиосу тууралуу серепчилердин пикирин тыңдадык.  

«Марал» компаниясы 2010-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, компаниянын алдында уюшулган «Марал» радиосу 2011-жылдын 11-декабрында обого чыккан.

Компаниянын түптөлүшүнө, радионун обого чыгышына карапайым адамдардын салымы зор болгон. Медиабренддин иштеп кетиши үчүн айрымдар унаасын сатып, айрымдар ар кандай буюм-тайымдарын сатып, айрымдар айлыгынан үнөмдөп акча чогултуп беришкен.

«Марал» радиосунун обого чыкканына 10 жыл болгон мааракелик салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Иш-чарага келген президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев эркин маалымат каражаты катары 10 жыл кызмат кылуу чоң жетишкендик экенин белгилеп, радио тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«Биринчиден, «Марал» радиосунун 10 жылдык майрамы менен куттуктайм. Эркин массалык маалымат каражаттарынын ичинде 10 жыл иштөө — өтө чоң жетишкендик. Ошондуктан «Марал» радиосу акыркы жылдарда радио тармагында өзүнүн орду бар, өзүнүн стили бар, өзүнүн өзгөчөлүгү бар радио катары белгилүү. Мен «Марал» радиосунун окурман, угармандарынын саны канча экенин билбейм, бирок өтө чоң болушу керек. Анткени мен өзүм да сүйүп уккан радиолордун бирине кирет. Ошондуктан бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм».

«Марал» радиосу алгач Ош шаарында тартып баштаган. Мезгилдин өтүшү менен өзүнүн таралуу чөйрөсүн кеңейтип, учурда жети облуста тең «Маралдын» жыштыгы бар.

Кыргыз медиа айдыңында «Марал» деген бренд пайда болгону коомчулуктун ишенимдүү маалымат булагына айланганын, баарына бирдей аянтча түзүп, бейтарап принципти карманган радио боло алганын Жогорку Кеңештин депутат Абдувахап Нурбаев белгиледи.

«10 жыл аралыгында «Маралдын» төрөлүп, өскөнүн көрдүк, көз алдыбызда чоңойду. Биз Ошто турсак да келип, эфирлерге катышып, угуп жүрчүбүз. Биринчи Ош шаарында ачылган. «Маралдын» эң чоң өзгөчөлүгү эл ичиндеги маселени көтөрүп, жөнөкөй, жалпак тилде элге түшүндүрүп бергени болду. Эң башкысы, эки тарапка бирдей мүмкүнчүлүк берип, эл аралык норманы сактады. Бир жактуу каралоо деген болбоду. Ар дайым социалдык маселелер, билим берүү тармагы, экономика, кичи жана орто бизнеске тиешелүү маселелер боюнча абдан кызыктуу көрсөтүүлөрдү жасап, элге көп маселени жеткире алды».

«Марал» радиосунун уктурууларынын 65%ы маалыматтык, 35% көңүл ачуучу программалардан турат. Маалыматтык бөлүктө Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан саясий окуялар, жаңылыктар, социалдык маселелердин талкуусу, экономикалык божомолдор, ишкерлердин ийгилик сырлары, медициналык, юридикалык кабарлар, кеңештер берилет.

«Марал» радиосу кыргыз медиасынын алдыңкы үчтүгүндө татыктуу орунду ээлеп турганын айтат коомдук ишмер Шайырбек Маматокторов.

«Марал» радиосу кыргыз медиасында алдыңкы үчтүктө толук татыктуу орунду ээлеп турат. Биринчи деп айтпасам да, ушул эң алдыңкы үч медианын катарында турукташып калды. Мынакей 10 жыл бат эле өтүп кетет экен. Кечээ эле «жаңы радио ачылды» дегенди угуп, ал кезде мен өзүм басма сөз кызматын жетектечү элем, арадан 10 жыл өтүп, чоң маалымат булагына айландыңар. Бул — силердин иштермандыгыңардын, колуңардан иш келген чоң жамаат экениңердин далили. Ошондуктан кыргыз коомчулугуна дайыма объективдүү, ар тараптуу маалымат таратып келе жатасыздар. Жамаатыңарга ийгилик каалайм, радио мындан ары да өөрчүсүн. Замандын талабына жооп бере турган радио болуп жүрө бериңиздер жана өркүндөп-өсүңүздөр».

«Маралда» радиодон сырткары www.maralfm.kg маалыматтык сайты иш алып барууда. Жарандык активист Атай Бейшебек уулу учурда «Марал» медиа булак катары ыкчамдыгы жана ишенимдүүлүгү менен өзгөчөлөнө турганын белгиледи.

«Негизинен «Марал» радиосу маалыматтык булак катары өзүнүн оперативдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт десем туура болот. Анткени көп маалыматтардын ыкчам чагылдырылышы, ошондой эле, ар тараптуу маалыматты берүү боюнча өзгөчөлөнүп, бүгүнкү күндө өз окурмандарынын жүрөгүнөн орун ээлеп жаткан маалымат булагы катары кабыл алабыз. Ошондой эле калктын активдүү катмары да жаңылыктарын ишенимдүү булак катары кабыл алышат. Мындан сырткары ободо болобу, телеканалда болобу, алып барган форматтары, суроолор, компетенция жагынан алдыдагы массалык малымат каражаттары катары атасам жаңылбайм». 

«Марал» радиосу элди агартууда өзгөчө орун ээлеп келгенин серепчи Нурбек Муктар белгилейт.

«10 жылдык убакыт — мындай караганда чоң убакыт. «Марал» радиосунун кыргыз коомунун ичинде саясатта болсун, маданиятта болсун, орду чоң. Көп жаатта көптөгөн программаларды, анын ичинде элди агартуу жаатында көп иштерди алып барып жатасыздар. Массалык маалымат каражаттары коомдо чоң орду бар төртүнчү бийлик болуп эсептелет. «Марал» ошол ордун татыктуу алып келе жаткан радио десем жаңылышпайм».

Учурда «Марал» радио, телеканал жана онлайн-контентте иш алып барат. «Марал» радиосу – ар бир адамдын турмушуна оң таасир берип, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болгон ата мекендик медиабренд бойдон калгысы келет.

Copyright © 2017 Maral FM