Connect with us

«Жусуп Абдрахманов чек ара боюнча 1924-жылы эле жазган» (Эркин-Тоодогу» эмгектер)

Билим-маданият , Блог | 7 Ноя 2020 | 5148 | 2

Мен Гүлзада Нармаматова түркология илиминин PhD доктору катары илимий изилдөөлөрүмдүн бири болгон кыргыздардын алгачкы «Эркин -Тоо» (1924-1927 ж.ж.) гезитин араб графикасынан транскрипциялап, түшүндүрмө жасап чыктым. Бул  эмгегим тууралуу «Азаттык» радиосунун «Миң санат» уктуруусунда Кыргыз Эл жазуучусу Шайлообек Дүйшеев агай менен маектешип, анда алгачкы гезиттеги темалар тууралуу кеп козгогонбуз. Бул баалуу маалыматтарды жайылтуу максатында ошол маектин текст вариантын сиздерге сунуштайм.

Шайлообек Дүйшеев: — Гүлзада, азыр колуӊда кырк, элүү басма табак десем балким жаӊылышпастырмын, бир кездердеги «Эркин Тоо» гезитин транскрипциялаган, мындайча айтканда, араб алфавитинде чыккан «Эркин Тоону» бүгүнкү тамгага которуп чыгып, көп эмгек жасаган экенсиӊ. Бул эмгек бүгүнкү күнгө керекпи?

Гүлзада Нармаматова:-Баарыбызга белгилүү азыркы учурдагы технологиянын болуп көрбөгөндөй өнүүсү дүйнөдө ааламдашуу процессине алып келди. Ошол эле учурда чоӊ империалисттердин маданий баалуулуктары башка маданияттарга үстөмдүк кылуусуна себепкер болуп жатат. Мындай ааламдашуу процессинде ар бир коом өзүнүн өздүгүн сактап калууга аракет кылуусу керек. Ал үчүн улуттук баалуулуктарын, улуттук нарк-насилин сактап калуучу үчүн аракет кылуусу керек.

Ушул ниетте Эркин Тоо гезитинин 1924-1927-жылдар арасында араб графикасында басылып чыккан сандарын транскрипциялап, анан керектүү жерлерге комментарийлерди берип иштеп чыктык.

Шайлообек Дүйшеев:  – Биз тарыхтан билебиз агартуучулук жактан да гезит чоӊ роль ойногон. Себеби туташ сабатсыз кыргыздар үчүн биринчи гезит  өзүнчө эле министрлик аткара албаган жумушту аткарса керек…

Гүлзада Нармаматова: – Албетте кыргыз элинин тун гезити элдин сабатын жоюуда чоӊ жүктү көтөргөн. Элди дүйнөдөгү болуп жаткан окуялардан кабар алуусунда да чоӊ роль ойногон. Бул жалаӊ эле кыргыз эли үчүн эмес ошол кездеги Орто Азиянын 20-кылымдын башындагы коомдук, саясий, маданий жана экономикалык абалы туурасында да аябай орчундуу маалыматтарды камтыгандыгы үчүн дагы маанилүү.

Шайлообек Дүйшеев: – Гүлзада сөзүӊө аралжы. Ошол гезитте коӊшулаш казак, өзбек элдеринде да гезиттер чыгып турган бекен?

Гүлзада Нармаматова: – Ташкентте өзбек тилинде гезит, журналдар чыгып турган. Ошондой эле казак, татар тилдеринде да басылмалар болгон.

Шайлообек Дүйшеев: – Сенин эмгегиӊде ошол кездеги Осмонкул Алиев, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдыракманов, Сыдык Карачев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов кимдер гана жок… Ошол мезгилдин биринчи интеллигенциясынын өкүлдөрү дейбизби жалындап турган жаш жигиттер бүт катышкан экен да… Булар эми «Эркин Тоонун» редакциясында иштегени да бар, иштебегени да бар да?

Гүлзада Нармаматова: — Ооба, редактор болуп ошондо биринчи Осмонкул Алиев иштеген. Ага жардамчы Сыдык Карачев орфографиялык жактан, техникалык жактан караган экен. Калган булардын баары Эркин Тоонун чыгышына колдон келген чоӊ салымын кошуп, өздөрүнүн макалаларын, кабарларын берип турушкан. Азыр бизге белгисиз кишилердин ысымдарын да кездештирдик. Улуттук идеология, улуттун кызыкчылыгы үчүн жазылган макалаларда көпчүлүк учурда өз аттарын жашырып, аты жөнүн толук көрсөтпөй баш тамгасын гана беришкен же псевдонимдер менен жазышкан. Улут маселесин көтөргөндөн тартынган деп ойлойм. Себеби өзүӊүз билесиз андан кийинки учурда эле булардын көпчүлүгү репрессияга кабылып калышпадыбы.

Шайлообек Дүйшеев: — Отуз жетинчи жыл каймактардын баарын бирин калтырбай шыпырып кетти.

Гүлзада Нармаматова: Ошолордун арасында калган Сыдык Карачев да өмүр бою саясий куугунтукталып жүрүп өткөн.

Шайлообек Дүйшеев: –Эми кызык ошол мезгилдеги интеллигенциянын көтөргөн маселе бүгүнкү күндө кандай ушул? Улут маслелеси…канчалык деӊгеелге жеттик же өзгөрүү деле жокпу?

Гүлзада Нармаматова: — Улут маселеси, эркиндик маселеси ошол эле учурда көтөрүлгөн маселе дагы эле жашап жатат. Мисалы биздин көз карандысыздыгыбыз, эркиндик маслеси…Гезиттин атын да Эркин Тоо деп коюшкан экен да. Биз эркин эл бололу, эркиндик болсун бизде деп. Ишеналы Арабаев гезитинин биринчи санында «Эркин Тоо» Кыргыз эли деген бир макала жарыялаган экен. Эгер мүмкүнчүлүк болсо үзүндү окуп берейин.

«Канча жүз жылдардан бери калк катарына киралбай асман айыргыз жер катуу болуб, жалгыз сыйынганы кара кылаары «тоо» болуб, жайыкка чыкса жан жагындагы күчтүү улуттар канын суудай агызыб, эркеги кул, хатыны тул болуб келгени ар кимге анык белгилүү.

Ошол көргөн зордук-зомбулуктардын аркасында али күнкү маданияттан ыраак калыб, бытыраб ана ушул учу-кыйры жок башы асманга жеткен аркайган тоолордун арасына кириб баш калкалап, эркин өсүб ээн сүйлөб келген. Ата-теги тизилген берметтей болгон кыркаар тартыб катарлашкан калың тоолордун арасында аркар-кулжа, эчки-текелер менен бирге даң салыб, чөптүн гүлүн, жыгачтын бүрүн, суунун тунугун, жаратылыш сыйлыгын кучкан кыргыз калкы сен элең. Ушул …(окулбайт) дегидей өсүб, далагай тартыб, бириң адырда, бириң шабырда, кайсың тоодо, кай бирөөң зоодо болуб тоңдоосун өсүб, тойос сүйлөб же бир абдан чоң кысымчылыкта баш койбосоң же болбосо бир аша-шаттыкта баш болуб бири-бириң менен аша үндөшө албай келген эл элең.

Эркиндикти сүйүү, эркинен айрылганда колдо бар күчүн жыйнаб, аны кайтарыб алууга тырышуу, эркиндикке чыгуу үчүн эң азиз болгон жанын аябай ошонун жолунда курбан болуу жалпы жаратылыштын эң чоң борчу[1] экени белгилүү. Кыргыз халкы болсо, ошол «эркиндик», ошол «тоо» тууралуу канча кызыл уук болсо канча кызыл канын агызыб кыргынга учураб башы байан, аягы сайан болгон.

Бул гезиттин атын байагы көңүлдү элжиреткен, көздү телмирткен «эркин» менен «тоо»ну кошуб «эркин тоо» койулду. Ал эми кыргыздын эмгекчилери! Качантан бери жоголгон эригин сагыныб «сейнеп» болуб «күкүк» деб самырдай какшаган тооӊ жоголгон эригиӊе кошулуб колуңа тийди. Бек карма! Бул эриктүү үчүн төгүлгөн жаштарың, сатылган баштарың, ажыраган теңдериң, кыйратылган сөөктөрүң, эрлериң кул болгон, катындарың күң болгон бек карма кыргыз бек карма!»

Шайлообек Дүйшеев: — Бул Арабаевдин жазганы да э? Эркиндигиӊди бек карма деп айтканын карачы…дагы эле ошол эркиндиктин баасына жете албай жатканыбыз жан кеийтет. Ишеналы Арабаевдердин деӊгеелин бүгүнкүлөр менен салышытырып көрдүӊбү? Сүйлөгөн сөздөрүн, макалаларын дейм да…

Гүлзада Нармаматова: — Ыраматылык Салижан агай «биздин интеллигенциянын көзү желкесинде» деп айткандай эле тилекке каршы жогорку деӊгеелге чыгып кете албадык…Эркиндигибиздин баасына, баркына жетпегендейбиз. СССР ыдырап кетип эле капысынан эркиндикке ээ болуп калгандайбыз. Тарыхыбызды унутуп, эркиндик үчүн бабаларыбыздын кандары төгүлгөнүн билбегендейбиз… дагы эле эл экенибизди, улут экенибизди аӊдай албагандайбыз…

Шайлообек Дүйшеев: — Дагы кандай кызыктуу маалыматтарды кезиктирдиӊ?

Гүлзада Нармаматова: – Бүгүнкү күндө тарыхыбызда белгисиз кыргызча басылып чыккан китептер жөнүндөгү маалымат элибиз үчүн маанилүү деп ойлойм. Кыргызстан өкүмөт басмасында басылып чыккан Төрөкул Айтматовдун «Улут маселеси менен мектеп», Жолдош уулу «8-март», Даникей уулу «Пиенер деген ким?», Наамат уулунун «Аялдар өздөрү тууралуу эмне билүү керек?» аттуу китептер.

Шайлообек Дүйшеев: — Бул китептер азыр барбы, Изилдеп көрдүӊбү?

Гүлзада Нармаматова:  –Бул китептерди репрессиядан улам жок кылып ийишкен деп ойлойм.

Шайлообек Дүйшеев: — Гезитте дагы кандай маселелер козголгон?

Гүлзада Нармаматова:— Ошол мезгилде эле чек ара маселеси болгон экен. Жусуп Абдыракмановдун чек ара маселеси жөнүндө жазган макаласы өзгөчө көӊүл бурууга арзыйт.

Шайлообек Дүйшеев: — Гүлзада студияга келип кызыктуу маек куруп бергениӊ үчүн чоӊ ыракмат. Ийгилик.

Copyright © 2017 Maral FM