Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу дарыгерлерди колдоого 112 миң сом топтоду

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 888 | 0

«Марал» радиосу пандемия учурунда дарыгерлерге көмөк көрсөтүү максатында, «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясын жарыялаган. Анын алкагында, банктык эсепке  жалпы 112 миң 081 сом түштү.

ОТЧЕТ
ЖАЛПЫ 17.07.2020
ОПТИМА 48660
ЭЛСОМ 41582
НАК 20500
СБЕР БАНК 1339
112081
105127

Колдоо максатында ири суммадагы жардам көрсөткөн Апал эжеге (45 миң сом), Лондондон акча которгон Абдувахидов Абдыганы агайга (500 доллар) ыраазычылык билдиребиз.

Чогулган каражаттын эсебинен:

— дарыгерлер үчүн атайын резина өтүк сатып алынды;

— Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна «гепарин» дарысы;

— Баткен районуна караштуу бийик тоолуу шарттагы Сай айылындагы ФАПка да азыркы учурда таңкыс болгон «клексан» дарысы тапшырылды;

— чет өлкөдөн келген ыктыярчы дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, белектер берилди.

Коротулган каражаттан сырткары эсепте 11 миң 871 сом калды. Калган акча каражаттары мындан ары аймактагы дарыгерлердин муктаждыктарын жоюу үчүн жумшалат.

Эскерте кетүүчү жагдай, «Марал» радиосунун «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясы акча топтоону токтотту. Ошондой эле бул жамаат акцияга колдоо көрсөткөн бардык угармандарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM