Биз менен байланышыңыз

“Марал” менен Бизнес-акыйкатчы институту кызматташат

Без рубрики , Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 766 | 0

“Марал” теле-радио берүү компаниясы Бизнес-акыйкатчы институту менен кызматташа турган болду. 23-сентябрда “Марал” теле-радио берүү компаниясынын директору Акынбек Эргешов менен Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Ага ылайык, Бизнес-акыйкатчы жана инситуттун кызматкерлери “Маралдын” эфирлерине чыгып, ишкердик, экономика багытындагы темаларда ой бөлүшүп, жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип турат.

Эскерте кетсек, Бизнес-акыйкатчы институту Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүнүн кызыкчылыгын жана аларды жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын жана мамлекеттик сектордун ишканаларынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргойт. Ишкерлерден келген арыз-даттанууларды карап, көз карандысыз баасын жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, бийликке сунуш берет.

Copyright © 2017 Maral FM