Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу чет өлкөдөн келген ыктыярчы дарыгерлерге ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 1061 | 0

«Марал» радиосу өлкөдөгү пандемия менен күрөшүү максатында Түркиядан, Орусиядан келип жардам берген ыктыярдуу дарыгерлер тобу менен жолугушуп, аларга ыраазычылык билдирди.

Чет өлкөдө иштеп, коронавирус менен күрөшүүдө тажрыйбасы менен бөлүшүп, жардам берүү үчүн Кыргызстанга келген 30 медикке белектер тапшырылды. Алардын арасында кыргызстандык мекендештер менен кошо башка улуттар да бар.

Кошумчалай кетсек, «Марал» радиосу пандемия учурунда дарыгерлерге көмөк көрсөтүү максатында, «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясын жарыялаган.

Радионун жамааты буга чейин да бир канча аймактарга дары-дармек жиберген. Алсак, жакында эле дарыгерлер үчүн атайын резина өтүк, Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз райондук үй-бүлөлүк медициналык борборго «Гепарин» дарысы, Баткен районуна караштуу бийик тоолуу шарттагы Сай айылындагы ФАПка да азыркы учурда таңкыс болгон «Клексан» дарысы тапшырылган.

Ал эми калган акча каражаттары мындан ары аймактагы дарыгерлердин муктаждыктарын жоюу үчүн жумшалат.

Эскерте кетүүчү жагдай, «Марал» радиосунун «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясы акча топтоону токтотту. Ошондой эле бул жамаат акцияга колдоо көрсөткөн бардык угармандарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM