Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы алкоголдук продукцияны өндүрүүгө лицензия бере баштады

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 736 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Өкмөттүн 24-январындагы № 30 токтому менен этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, ошондой эле алкоголдук продукцияны сатууга лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Бул чечимге ылайык Салык кызматы этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия бере баштайт.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын аягында Мамлекеттик салык кызматына Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо функциялары өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM