Биз менен байланышыңыз

Монголия: Алкоголдук ичимдиктерди сатууга 3 күнгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 611 | 0

Бүгүн, 22-июндан баштап Монголияда 3 күн бою алкоголдук ичимдиктер сатылбайт. Мындай чектөөлөр өлкөдөгү парламенттик шайлоого байланыштуу киргизилип жатканын чет элдик басылмалар жазды.

Улан-Батор шаарынын мэриясы билдиргендей, шайлоо күнү эч кандай маданий же спорттук иш-чаралар болбойт. Соода борборлору иштебейт.

Мыйзамга ылайык, үч күн алкоголдук ичимдиктерди сатпоо же бул жаатта тейлөө көрсөтпөө  чечими кабыл алынды. Шайлоо күндөрүндө адамдын негизги муктаждыктары үчүн тейлөө борборлору гана иштейт.

Белгилей кетсек, Монголияда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 24-июнунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM