Биз менен байланышыңыз

Бишкекте лицензиясыз алкоголдук ичимдиктерди сатуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 674 | 0

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаарында жайгашкан “Нур” супермаркетинен ишкердик ишке тийиштүү лицензиясы жок ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголдук продукцияларды сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, супермаркет спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатууну жүргүзгөн, башкача айтканда алкоголдук продукцияларды сактоого жана сатууга лицензиясы болгон эмес.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, ар кайсыл түрдөгү 438 бөтөлкө алкоголдук продукция табылды жана тартып алынды.

Copyright © 2017 Maral FM