Connect with us

Асанов: Үй-бүлөлүк чатактардын 70%ы спирт ичимдиктеринин кесепетинен келип чыгат

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 690 | 0

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 2019-жылы 6145 факты боюнча арыз түшкөн. Бардыгына убактылуу ордер берилген. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«2019-жылы 75 –берене «үй-бүлөлүк зордук боюнча»  8159 арыз катталган. Анын ичинен 554ү сотко жөнөтүлгөн.  7045 иш кыскартылган, башкача айтканда кайра арыз жазып кайтартып алышкан. Бүгүнкү күндө 560 иш өндүрүштө тергелип жатат. Ордерди бузгандыгы үчүн 7 кылмыш иши козголду», — деди  Памир Асанов.

Ошондой эле, ал үй-бүлөлүк чыр-чатактардын 70%ы, башкача айтканда 4272 фактысы спирт ичимдиктеринин айынан башталганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM