Биз менен байланышыңыз

2 миң бөтөлкө аракты мыйзамсыздык сатып жаткан дүкөн аныкталды

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 553 | 0

6-февраль күнү Ош облусунда уруксат берүүчү документтерсиз алкоголдук продукцияны сактап жана сатып жаткан ири соода дүкөндү аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, дүкөндө алкоголдук продукцияны сатууга лицензиясы жана сатылуучу продукцияга коштомо документтердин (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) жоктугу аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай түр, аталыш жана идиштеги 1958 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Бул факты боюнча мыйзамдын негизинде чара көрүлөрү айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM