Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясын 73 миң салык төлөөчү тапшырды

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 475 | 0

Бүгүн, 25-февралга карата 72 миң 949 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Анын ичинен 17 миң 488 юридикалык жак, 33 миң 702 жеке ишкер, 8 миң 568 жеке жак, 2938 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 10 миң 253 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM