Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы эки айда 26 млрд сом салык жыйнаган

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 261 | 0

Ушул жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бекитилген план 103,9 %га аткарылган же 987,3 млн сомго ашык чогултулган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 183,8 %ды түздү.

Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды. План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).

Copyright © 2017 Maral FM