Биз менен байланышыңыз

Сентябрда транспорт жана турак жайга салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 361 | 0

Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд баштайт. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт.

Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогунун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик айып төлөөгө, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

  • транспорт каражатына салык
  • турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) салык,
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга — 1000 сом, юридикалык жактарга — 5 миң сом суммасында айып каралган.

Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептесе да болот. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM