Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 58 кызматкерин жазалады

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 551 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 58 кызматкерин жазалады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Жалпысынан 2019-жылы Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен жазуу жүзүндө – 82 билдирүү, электрондук почта боюнча – 46, “ишеним телефонуна” – 48 жана ММК аркылуу – 3.

Келип түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын ичинен 119 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү болсо, 29у– ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 56 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 55и – тастыкталды, 3 арыз – жарым-жартылай тастыкталды, 1 арыз– кароо стадиясында турат жана 4өө маалымат үчүн.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында бир катар кызматкерлер тийиштүү жаза алышты, анын ичинде 4 кызматкер кызматтан бошотулду, 10 – катуу сөгүш, 16 – сөгүш, 17 – эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында 0312613189 номери боюнча «ишеним телефону», 0779613189 “шыр байланыш” номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM