Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 851 | 0

Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калгандыгын эскертет.

1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ошондой эле 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар, мындан тышкары юридикалык жакты түзбөй туруп, ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле «116» номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM