Биз менен байланышыңыз

Эми Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу саат 24.00гө чейин жүрөт

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 648 | 0

Салык төлөөчүлөргө жардам көрсөтүү максатында бүгүн, 24-февралдан баштап Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу түнкү саат 24.00гө чейин жүрөт. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, аймактык салык органдарынын кызматкерлери алдыдагы жана дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин түнкү саат 24.00гө чейин , ал эми дем алыш күндөрү – саат 09.00дөн 24.00гө чейин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргызстандын аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM