Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясын 149 миңден ашык салыкчы тапшырды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 519 | 0

Бүгүн, 10-мартка карата 149 миң 611 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Анын ичинен 44 миң 474 юридикалык жак, 57 миң 607 жеке ишкер, 20 миң 258 жеке жак, 6016 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 21 миң 256 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрельге чейин жеке жактар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр берүүгө милдеттүү:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;
  • авто унаа, салык салынуусу кыймылсыз мүлк (үй, батир) жана жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

 

Copyright © 2017 Maral FM