Биз менен байланышыңыз

Декларациялык кампаниянын экинчи этабы башталды

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 521 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-мартта аяктады.

Copyright © 2017 Maral FM