Биз менен байланышыңыз

Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусунун акыркы күнү

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 534 | 0

Бүгүн, 2-мартта юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралууу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.

Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Эске салсак, 2-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациян ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар да тапшырууга милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM