Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 579 | 0

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдетүүлөр киргизилүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу   Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо, ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле, буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтотмокчу.

Вице-премьер-министр билдиргендей, салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн, аны менен бирге электрондук эсеп-фактураларын жана мунайзат продуктуларына товардык-транспорттук электрондук коштоочу кагазды милдеттүү түрдө колдонуунун, 2020-жылдын 1-июлуна чейин виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды сыноонун мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды.

Лицензиясыз беткаптарды чыгарып, сатууга убактылуу уруксат берилет

Copyright © 2017 Maral FM